Кыргызстанда тоок жумурткасынын импортуна алты айга тыюу салынды

  • 1 месяц мурун

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 1-майынан тартып 6 айлык мөөнөткө Кыргызстанга тооктун жумурткасынын импортуна тыюу салынды.

Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.  

Ал эми реимпорт, Кыргыз Республикасы аркылуу аркылуу транзитти жана ЕАЭБдин бир субъектинен башка субъектиге которуу бул тыюуга киргизилбейт.

Маалыматта айтылгандай, жумуртканын импортуна тыюу салуу өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун кылуу жана азык түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министрри Бакыт Төрөбаев атаандаштыкка туруштук берүү үчүн жергиликтүү ишкерлерге тооктун санын көбөйтүүнү, тооктун жемин өз фермасында даярдоону жана тооктун эти менен иштөөнү сунуштады.  

Сүрөт: Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты