Кыргызстанда Орусиянын миграция борборунун филиалын ачуу маселеси талкууланды
- 2 года мурун
Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова 25-октябрда Москвадагы «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Россиядагы аталган мекеменин филиалын Кыргызстанда ачуу маселеси талкууланды.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
«Филиалдын ачылышы жарандарга Россия Федерациясынын аймагына киргенге чейин зарыл процедуралардан алдын ала өтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн саясаты чет өлкөлөрдө легалдаштырылган ишке орноштурууга багытталган» деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Министр ошондой эле эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүндө жарандарды жеке кабыл алды.
Сүрөттө: Орусиядагы миграция борбору. Эмгек министрлиги
Муну бөлүшүү




