Кыргызстанда окуучулардын билимин баалоочу эл аралык PISA-2025 программасынын изилдөөсү башталат  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 1-апрелден тартып Кыргызстанда окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсү башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   

Министрлик бул иш-чара өлкөнүн билим сапатынын эл аралык стандарттарга жооп берүүгө умтулуусун чагылдырган улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болоун белгиледи.

Маалыматта айтылгандай, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышат. Изилдөөнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү. Алардын ар биринде координатор, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочу бар. Керектүү жабдыктар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Процессти жөнгө салуу жана башкаруу үчүн 308 ноутбук даярдалды. Ар бир окуучу үчүн уникалдуу логин жана сыр сөздөрдү түзүүчү Maple системасы иштелип чыгып, Кыргызстанга берилди. Бул тестирлөөнүн купуялуулугун жана тактыгын камсыздайт. 

Бул ири иш-чара Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин координациясы жана Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун финансылык колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.

Тестирлөө ушул жылдын 30-апрелинде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону көздөйт. 

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин натыйжалуулугун баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты