Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү белгиленет
- 2 года мурун
Кыргызпатент жыл сайын 17-январь – ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүн белгилеп келет.
Бул жылы майрам өзгөчө форматта өтөт. Каалоочулар иш-чарага онлайн жана оффлайн түрүндө катыша алат.
Программада: Инженердик мектептин ачылышы, “STEAM – билим берүү”, FABLab – гравировака жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулат.
Иш-чарага республикадагы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен областарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, окуучулар, жалпысынан 3 000ден ашык адам катышуусу күтүлүүдө.
Иш-чара 17-январда саат 11:00дө Кыргызпатенттин инновациялык борборунун базасында өткөрүлөт. Каалоочулар майрамдык иш-чарага катышууга чакырылат.
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58а.Тел.: (0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29, (0770) 98-98-08, (0553) 18-81-93