Кыргызстанда очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 12-августта, саат 13:14тө Кыргызстанда жер титиреди. Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Ак-Туз айылынын түштүк-чыгышынан 15 чакырым, Кочкор айылынын түштүк-батышынан 45 чакырым, Бишкек шаарынын түштүк-чыгышынан 117 чакырым алыстыкта болгон.  

Сейсмология инстититунун баштапкы маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү Ак-Чий, Чолпон айылдарында — 4 балл, Кочкор, Куйручук айылдарында — 3 балл, Бишкекте 2,5 балл болгон.  

Такталды: Сейсмология институту баштапкы маалымат берилгенден кийин, жер титирөөнүн күчүн тактады: Ак-Чий, Чолпон, Эпкин, Туз, Комсомол, Орток-айылдарында 5 баллга жакын, Кочкор, Кызарт, Жумгалда — 4 балл, Бишкек, Токмок, Балыкчы, Нарын шаарларында- 3 балл.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты