Кыргызстанда насыя алгандардын саны 10% азайды

  • 2 года мурун

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, Кыргызстанда 2021-жылдын январь-сентябрь айларында (тогуз айда) чакан кредиттик компаниялар 490 миңден ашык адамга 27,4 миллиард сом насыя берди.

Муну менен насыя алгандар өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 10% азайды. Бирок берилген акча 17% көбөйдү.

Эң көп насыя алгандар Ош облусунун жашоочулары — 22,4% түзөт. Андан кийин Бишкектин тургундары 17,8%, Чүйдө 14,2% жана Жалал-Абад облусунда 14%.

Алынган насыянын көп бөлүгү же 36% ашыгы турмуштук муктаждыктарга сарпталды. Айыл чарба иштерине 30%, соода-сатыкка 10% ашыгы, 9% жакыны курулушка жумшалган. Адамдар алган карызын кайтаруу боюнча өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 1,9% азайып, 91,2% түздү. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты