Кыргызстанда кызамык менен ооругандар азаюуда
- 12 месяцев мурун
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, республикада кызамык күч алган күз-кыш мезгилинен кийин оорунун көрсөткүчү төмөндөп келе жатканы байкалууда.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жыл башынан тарта 15-июлга чейин республикада кызамык оорусунун 8672 учуру катталды. Бирок июнда эпидемиологиялык кырдаал оңоло баштады: жаңы катталган учурлардын саны акырындык менен азайып жатат. 1-июлдан 15-июлга чейин кызамык оорусунун 109 учуру катталды.
Маалыматта айтылгандай, республикада кызамыктын жайылышына жооп катары өнөктүк өткөрүлүп, анын жүрүшүндө бир миллионго чейин бала эмделди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




