Кыргызстанда кышкы жалпы республикалык тестирлөө ноябрдын аягында болот

  • 2 года мурун

Жогорку окуу жайларга кайра тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн каттоо онлайн режиминде 17-27-октябрь аралыгында болот.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы, орто же кесиптик орто билими бар жана 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу келишимдик негизде билим берүү формасы үчүн гана болот.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты