Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы табылды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, омикрон-штаммы Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында жаткан эки бейтаптан аныкталган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы штаммды аныктоо үчүн республика боюнча бардык үлгүлөр Бишкекке алынып келинерин билдирди.

Белгилей кетсек, Жаңы жылдан кийин өлкө аймагында вирус жуктургандардын саны кескин өсүүдө. 12-январга карата коронавирустун 465 жаңы учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты