Кыргызстанда КМШда изделген ондогон киши жүзүнөн таануучу камера аркылуу аныкталды

  • 11 месяцев мурун

Соңку он күн ичинде Кыргызстанда Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинде (КМШ) мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам сырткы видео көзөмөл системасы аркылуу аныкталып, милицияга жеткирилди.

Бул тууралуу 13-июнда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

2-июндан тартып Кыргызстандын аймагында КМШга кирген мамлекет аралык издөө салынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштады.

Милицияга жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары экени, алар КМШ өлкөлөрүндө уурулук, алдамчылык, документ жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, издөө жарыяланганы, айрымдары 8-9 жылдан бери издөөдө жүргөнү маалым болду.

«Чет мамлекеттердин, анын ичинде Орусиянын жана Өзбекстандын жараны болгон төрт адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди), бейбаштык, документ жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар» деп билдирди ИИМ.

Соңку 10 күндө Кыргызстанда Орусияда Кремлдин саясатын сындаган акцияларга катышып жүргөн эки орусиялык активист камалды. Алардын бири Бишкекте көчөдөгү адамды жүзүнөн тааный турган камера аркылуу аныкталганы белгилүү болгон. Дагы бир кармалган активист мекенине депортацияланган.

Былтыр кыргыз бийлиги “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулганын, алардын арасынан адамды жүзүнөн аныктай ала турган 519 камераны ИИМдин ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушарын жарыялаган.

КМШ уюмуна бүгүнкү күндө Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты