Ош облусунда курал-жарак сакталган жай табылды
- 1 месяц мурун
Ош облусунда К.Досоновдун «Женго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун сакталган жерин аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кзыматы билдирди.
«Ош» эл аралык аэропортунун аймагына жакын жерде жайгашкан жашыруун жайдан аңчылык куралынын кесилген түрү , Аа «Сайга» ,2 ПМ, ошондой эле көрсөтүлгөн ок атуучу куралдарга тиешелүү ок-дарылар табылды.
Алынган курал-жарак жана ок-дарылардын келип чыгышы аныкталууда, ошондой эле жашыруун жайды уюштургандардын тек-жайы такталууда.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




