Эсептөө палатасы курулуш тармагында курулуштун наркын негизсиз жогорулатуу фактыларын аныктады
- 2 месяца мурун
Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бир катар олуттуу кемчиликтерге жол берилгендиги аныкталды. Финансылык эреже бузуулардын суммасы 1 585 293,5 миң сомду түздү.
Эсептөө палатасынын маалыматында айтылгандай, дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар, курулуш иштеринин наркын жана көлөмүн негизсиз жогорулатуу, бюджетке каражаттарды чегерүү тартибин сактабагандыгы, башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө фактылары аныкталды.
Ошондой эле каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу, белгиленген тартипте эсепке алынбаган мүлктүн болушу, капиталдык салымдарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы кемчиликтер, кызматкерлердин эмгек акысы жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча чыгымдар орун алган.
Финансылык тартип бузуулардын суммасы 1 585 293,5 миң сомду түздү.
Анын ичинде мажбурлап өндүрүү суммаларын бюджетке өз убагында жана толук эмес чегерүү – 15 955,5 миң сом, бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн толук эмес жана кечиктирилип чегерилиши – 4 467,3 миң сом, башка булактардан каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө – 85 000,0 миң сом.
Ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысы жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар, эсепке алынбаган мүлктүн болушу белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү негизсиз которуу орун алган.
Эң ири көлөмдөгү таптип бузуулар дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча катталган, анын суммасы 1 169 294,1 миң сомду түзгөн.
Жалпы аныкталган 1 585 293,5 миң сом финансылык тартип бузуулардын ичинен 349 414,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 122 191,3 миң сом же 35,0 пайызы калыбына келтирилди.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилди.
Сүрөт: Курулуш министрлиги




