Кыргызстанда Германиянын туроператорлору катыша турган туризм форуму өтөрү айтылды
- 1 месяц мурун
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу туризм департаменти Кыргызстанда Германиянын 60 туроператору катыша турган DRV Destination форуму өтөрүн жарыялады.
Бул тууралуу министрлик Берлинде өткөн ITB 2025 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстанда DRV Destination форуму өтөрү тууралуу билдирди.
Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында маалымат берилди. Иш-чара качан өткөрүлөрү тууралуу айтылган эмес.
Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, немис туроператорлору менен түз байланышты бекемдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү белгиленди.
Министрлик “туризм департаменти менен Deutsche Reiseverband (DRV) ассоциациясы кызматташтык тууралуу келишимге кол койгонун да” айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү