Кыргызстанда ЭТТК жокко чыгарылды
- 2 месяца мурун
2025-жылдын 1-январынан тартып мунай зат (майлоочу майларды кошпогондо), алкоголь жана тамеки продукцияларынан тышкары, товарлардын бардык түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды.
Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
2027-жылдын 1-январынан тартып ЭТТК дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.
Салык кызматы негизги өзгөрүүлөрдү белгиледи. Алар:
1. ЭТТКны жокко чыгаруу жана товарларды эсептен чыгаруу:
Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТК модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар эсептен чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт.
2. Маркалоо коддорун көрсөтүүдөн бошотуу:
2026-жылдын 1-апрелине чейин салык төлөөчүлөр алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн ЭТТК модулундагы документтерге маркалоо коддорун көрсөтүүдөн убактылуу бошотулат.
3. Патенттин негизиндеги иштин жаңы түрү:
Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун алкагында патенттин негизиндеги иштин жаңы түрү киргизилди — бул базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак жай эмес аянттарды соода иши үчүн ижарага берүү. Салыктын өлчөмү 1 чарчы метр үчүн белгиленген ставка боюнча эсептелет.
4. Эсеп-фактураны жазып берүү мөөнөтү:
2025-жылдын 1-майынан тартып электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) товар жеткирилген күндөн тартып (калкка сатуу учурларын кошпогондо) 5 күндүн ичинде таризделиши керек.
0 %, 0,1 %, 0,5 % жана 1 % ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча, ошондой эле өзгөчө режимдеги зоналарда соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эми электрондук эсеп-фактуранын ордуна кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураны колдоно алышат.
5. Кагаз түрүндөгү эсеп-фактураны милдеттүү берүү талабы:
Электрондук эсеп-фактураны тариздөөчү салык төлөөчүлөр аларды кагаз түрүндө басып чыгарып, товарларды сатып алуу фактысын ырастоо үчүн сатып алуучуларга (Электрондук эсеп-фактура тутумуна катталбаган) берүүгө милдеттүү.
6. Электрондук-кагаз түрүндөгү эсеп-фактурага өтүү:
2025-жылдын 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр жөнөкөйлөштүрүлгөн эсеп-фактураны кагаз түрүндө тариздей алышат. Бул күндөн тартып электрондук-кагаз түрүндөгү эсеп-фактурага этап-этабы менен өтүү башталат.
Бул өзгөртүүлөр салыктык эсепке алууну жөнөкөйлөтүүгө жана бизнес үчүн административдик жүктү азайтууга багытталганын Мамлекеттик салык кызматы белгилейт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан