Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо максатында мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

  • 4 месяца мурун

Эттин (уй жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн аталган продукциянын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, убактылуу мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизилди.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди

Экономика жана коммерция министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 11-августунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында уй этине жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) 90 календардык күнгө чектелген баалар белгиленет.

Бааны көзөмөлдөө жана жөнгө салуу экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуунун бекитилген тартибине ылайык жүргүзүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты