Кыргызстанда эми ветеринардык сертификатты онлайн алууга болот

  • 7 месяцев мурун

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилген.

Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.

Ал эми  22-сентябрга карата “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу 182 ветеринардык сертификат берилди.

Биринчи этапта арызды тариздөөнүн бардык жол-жоболору жана ветеринардык сертификаттарды алуу БТМС аркылуу ишке ашырылды.

Экинчи этапта “Бирдиктүү терезе” МС аркылуу үчүнчү өлкөлөргө 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g  формасындагы ветеринардык сертификаттарды берүүнү ишке ашыруу пландаштырылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты