Соттолуп жаткандар министр менен кучакташып. Мыйзамдык, саясий, моралдык жагы кандай? (Видео)
- 1 месяц мурун
- Видео, Мультимедиа
“Ырыс Ордо” конгресс-борборунун ачылышына азыркы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер чакырылган. Алардын арасында “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган жана иши апелляциялык тартипте каралып жаткан адамдар дагы болду.
Бул көрүнүш коомчулукта талкуу жаратып, оор беренелер менен айыпталып жаткан адамдардын мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышуусу канчалык туура деген суроону жаратты.
24-августта Бишкекте дал ушундай талкууга жем таштаган жагдай орун алды. Күндүз Бишкек шаардык сотунда коомчулукта “75чилердин иши” деп аталып жүргөн кылмыш иши боюнча апелляциялык сот отуруму өтүп, ал 27-августка жылдырылды. Ал эми ошол эле күнү кечинде бул иштин айрым фигуранттары президент Садыр Жапаров катышкан “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылышында чакырылган коноктордун катарында отурушту.
Бул жерде карама-каршы жагдай жаралат. Бир жагынан, биринчи инстанциядагы сот бул адамдарды «бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» боюнча актап, «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратуу жазасы белгилеген.
Бирок үч жылдык пробация колдонулгандыктан, алар камакка алынган эмес. Ал эми прокуратура соттун бул чечимине макул болбой, айыпталуучуларга карата “реалдуу абак жазасын” берүүнү талап кылууда. Экинчи жагынан, ошол эле адамдар мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чарага чакырылган коноктордун катарында отурушат. Албетте ,бул жерде негизги суроо жаралат. Мындай учурда аларды мамлекеттик иш-чарага чакыруу канчалык туура?
Бул аракеттин артында саясий кадамдар жатабы? Бул тууралуу ВИДЕОдо.




