Парламенттик шайлоо: Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3,8 %ы добуш берди
- 6 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого саат 10:00гө карата 167 072 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 3,8 %ын түзөт.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
Бүгүн, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштеп жатат.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




