Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттердин саны кыскарып жатканы белгиленди  

  • 1 месяц мурун

Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту менен “Оазис” жана Фридрих Эберт атындагы фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирге  Кыргызстандын аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу жана алардын укуктарынын сакталышын камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Индиянын элчилигинен, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана чет элдик студенттер катышты.

Тегерек үстөлдө атайын изилдөөнүн жыйынтыгы айтылды, ага ылайык чет өлкөдөн келген студенттердин саны кыскарууда.

2023–2024-окуу жылында чет өлкөлүк студенттердин саны 31 пайызга кыскарган. Көбүнчө Өзбекстандан келген студенттердин саны 53 пайызга, Индиядан келгендердин саны болсо 13% га азайган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы “S” тибиндеги студенттик визалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсеге азайып, болгону 11 645 виза берилген.

Индиялык жарандардан арыз 80 пайызга азайып, болгону 4689 студентке Кыргызстанда билим алууга уруксат берилген. Пакистан жарандары 75% га аз кайрылышып, 4200 виза алышкан. Ал эми Бангладеш жарандарына берилген визалардын саны 58 пайызга кыскарып, быйыл 333 гана студентке берилди.

“Оазис” фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева чет өлкөлүк студенттер укуктары бузулган учурда укук коргоо органдарына көп кайрыла бербестигин билдирди.

“Биздин сурамжылоого катышкан чет өлкөлүк студенттердин болгону 22 пайызы гана укук коргоо органдарына кайрылган” деди Мээрим Осмоналиева.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттер турак жайды ижарага алуу учурунда кыйынчылыктарга кабылып, талап-тоноочулукка жана коомдук транспорттогу дискриминацияга дуушар болуп жатышат. Ошондой эле, маданий интеграция механизмдери жок экени белгиленди.

Мындан тышкары, сурамжылоого катышкандардын 42 пайызы коркутууларга туш болгонун, ал эми 14% студенттер сексуалдык зомбулук жана ыдыкка кабылганын айтышкан.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугуна байланыштуу маселелер өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна түздөн-түз таасир этерин белгилешти.

Акыйкатчы Институту тиешелүү мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыздоо боюнча сунуштарын жөнөткөнүн билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты