Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү өтөт
- 4 недели мурун
Бүгүн, 20-апрелде, Азербайжандын белгилүү маданият ишмерлеринен турган делегация Кыргызстанга келди.
Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.
Маданий делегацияны “Манас” эл аралык аэропортунан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жетектеген министрликтин кызматкерлери тосуп алды.
Эртең, 21-апрелден 25-апрелге чейин Бишкек шаарында Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программалар, спектаклдер, сүрөт көргөзмөлөрү жана адабий, маданий иш-чаралар өтөт.
Маданий иш-чаралар программасы:
21-апрель.
Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде;
Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында.
22-апрель.
Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында;
Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);
Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында.
23-апрель.
Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);
Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында.
24-апрель.
Саат 16:00 — Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);
Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында.
Сүрөт: Азербайжан маданият өкүлдөрү. Маданият министрлиги