Кыргызстанда алдын ала тизмеде  4 млн 287 222 шайлоочу бар

  • 1 месяц мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.

Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 287 222 шайлоочуну камтыйт.

Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 14-октябрга чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.

Бул тизме иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси арабынан калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен «Кызмат» менен бирге ишке ашырат.

Шайлоочу өзүн тизмеден 19-ноябрына чейин текшере алат:

— 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;

— шайлоо участогунан;

-tizme.gov.kg сайтынан;

-же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 19-ноябрга чейин  электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.

Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар калкты тейлөө борборлорунан (КТБ — ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды.

25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты