Кыргызстанда айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынды
- 3 ай мурун
Кыргызстанда айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга, экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
Бул туууралуу Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынганын айыл чарба министрлиги кабарлады.
Ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө максатында айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу мөөнөтүн 2023-жылдын аягына чейин киргизүү каралган.
Экспорттоого тыюу салынган товарлардын катарына буудай, жүгөрү, арпа, сулу, күрүч, ошондой эле тоют- чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту кирет.
Муну бөлүшүү