Кыргызстанда АИВ/ВИЧ инфекциясы менен 14 миңден ашык адам катталган
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 1-декабрь — СПИД инфекциясы менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморованын айтымында, учурда Кыргызстанда адамдын иммундук жетишсиздигин вирусун (АИВ/ВИЧ) инфекциясы менен 14 миң 159 адам катталган.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети 29-ноябрда Министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын катышуусунда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун (АИВ\ВИЧ) алдын алуу айына жана Бүткүл дүйнөлүк адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому (КИЖС\СПИД) менен күрөшүү күнүнө арналган жумушчу кеңешмеде айтылды.
«Биз АИВ илдетинин жаңы учурларын алдын алуу жана позитивдүү статуска ээ болгондорго сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекстүү чараларды көрүп, бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек» деди депутат Винера Раимбачаева.
Муну менен катар эл өкүлү медициналык мекемелерде бул вирусту жуктуруп алган балдарга компенсация төлөп берүүнү талап кылып, учурда 35ке жакын жаран тиешелүү макам алуу үчүн сотторго кайрылып, иштери каралып жатканын кошумчалады.
Депутат Жылдыз Садырбаева талкууланып жаткан теманын актуалдуулугун баса белгилеп, муну менен катар эл аралык донорлордон түшкөн каражаттарды, анын ичинен Глобалдык фонддун программаларынын алкагында көрсөтүлгөн жардамды натыйжалуу пайдаланууга чакырды.
Ал эми республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова мекеменин ишмердүүлүгүнүн багыттарына токтолуп, бул илдетке кабылгандардын статистикасы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда АИВ-инфекциясы менен 14 миң 159 адам катталган.
Сүрөт: kenesh.kg