Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына чейин автобус каттамы уюштурулат

  • 4 недели мурун

Май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин борбор калаада “Ала-Арча” жаратылыш паркына чейин автобус каттамы уюштурулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди  

Каттамдын акыркы аялдамалары Турдакун Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.

Маалыматта айтылгандай, жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.

Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт.

Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты