Күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга мамлекет тарабынан субсидия берүү улантылууда
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Ал үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун акча каражаты каралган.
Бул тууралуу маселе өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан Министрлер кабинетинин 26-октябрдагы жыйынында талкууланганы тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалды.
Жогоруда аталган сумманын 2,623 млрд сомдон ашуун каражаты бүгүнкү күнгө чейин берилди.
Субсидия берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.
«Келишимдерге жараша субсидиянын өлчөмү белгиленет. Бүгүнкү күнгө карата мунай ташыгандардын, “Жунда”ЖЧК, “Кыргызнефтегаз” ААК кампаларында жана учурда ташуу процессинде тургандарды кошо алганда – АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизел отунунун, автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган газдын кору үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жетиштүү» деп айтылат маалыматта.
Өлкө жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын -бензин, дизель жана суюлтулган газ керектейт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




