Иши токтотулган Бишкектеги Панфилов паркына үч ай иштөөгө уруксат берилди

  • 10 месяцев мурун

Ишкерлердин кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев май майрамдарына карата Панфилов атындагы сейил багын ачууну тапшырды.

Бул тууралуу борбор шаардын мэри 25-апрелде Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулук менен жолугуу учурунда белгилүү болду.

Парктын администрациясына да үч ай иштөөгө уруксат берилди. Анда  шарттарды түзүү, санитардык нормалар сакталышы зарылдыгы эскертилди.

Буга чейин Панфилов паркында аттракциондон кулап кеткен эки учур катталып, шаардык кызматтар тарабынан бир нече жолу эскертүүлөр берилген жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаменти экинчи окуядан кийин «Балдар оюн-зоогу» ЖЧКсы менен ижара келишимин бузган.

Бишкекте Панфилов паркындагы окуяга байланыштуу андагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

31-мартта Панфилов паркында аттракциондон 19 жаштагы кыз кулап кетип ооруканага жеткирилген. Маалыматка караганда, кыз кулаган аттракционду иштеткен жаранга кылмыш-жаза кодексинин 274-беренесине ылайык, 35 миң сом айып салынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты