Байсалов: Кыргызстанда 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт
- 1 месяц мурун
Балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
2026-жылдын 1-январына карата калктын саны болжол менен 7 млн 300 миң адам деп эсептелсе, анын 4 миллиону элет жеринде, 57% пайыз. 1 млн 800 миңдин тегереги — 18 жашка чейинкилер.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакырчылык көрсөткүчтөрү ковид учурунда жогорулап, 30 % га жеткендигин билдирди.
“Жакырчылык тез өсүп, бирок жылына ашып кетсе 2% төмөндөйт экен. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылыктын деңгээли 33%. Балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт деген өтө жаман көрсөткүч” деди Байсалов.
Сүрөт: kenesh.kg




