Кыргызстанда 2200дөй дыйкан дотация боюнча эгин себүү үчүн үрөн алган

  • 2 года мурун

Кыргызстанда дотация боюнча үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 2197 адамды түздү.

Бул тууралуу аАйыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Быйылкы жылдын түшүмү үчүн мамлекеттик дотацияны ишке ашыруу боюнча жазгы айдап-себүү иштерине 41,2 миллион сом пландалган. Ал эми артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына күздүк жана жаздык буудай, арпа, кант кызылчасы, картошка, пахта, жүгөрү, төө буурчак, беде жана эспарцет киргизилген” деп айтылат маалыматта.

Натыйжада жазгы айдап-себүү иштерине жалпысынан 2172,1 тонна таркатылып, ал   36,3 миллион сомду түзгөн.

Анын ичинен 9,057 миллион сомго 657,4 тонна буудай үрөнү, 14,4 миллион сомго 1094,0 тонна арпа үрөнү, 4,0 миллион сомго 44,4 тонна жүгөрү үрөнү , 324 миң сомго  9,0 тонна  эспарцет жана 1,06 миллион сомго 45,8 тонна  пахта үрөнү таркатылган.

Белгилей кетсек, 2019- жылдын 2- февралында «Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамы кабыл алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты