Кыргызстанда 1100 киши качкын макамын күтүп жатат

  • 11 месяцев мурун

БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында качкын макамын алуусу зарыл болгон 1 100 адам жашайт.

Бул тууралуу  12-майда Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов жана Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеевдин жолугушуусунда айтылды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун сайтында жазылды.

Жолугушууда мындай жарандарды эмгекке орноштуруу, билим алуу, медициналык жана социалдык тейлөөлөрдүн алуудагы маселелери айтылды. Мыйзамга ылайык, качкын макамын алууну каалаган тараптардын документтери мамлекеттик органдар тарабынан бир жыл ичинде каралат.

Колопов мониторингдин жыйынтыгы менен качкындардын жагдайы жөнүндө атайын баяндама даярдоо маанилүү экенин белгилди.

“Мониторинг келип чыгып жаткан маселелерди ачыктоого мүмкүндүк берет. Анын жыйынтыгы менен корутунду чыгарылып жана мамлекеттик органдарга аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштар берилет” деди Колопов.

“Негизинен чек араны кесип өтүүдө кармалган, качкын макамын алыш үчүн документтерин тапшырган тараптардын жагдайы тынчсыздандырат” деп белгиледи Салеев.

Ал баш паанек издегендер жана качкындар менен иш алып барууда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда жарандыгы жок тараптардын укуктарын коргоо боюнча чаралар айтылды.  

Сүрөт: ombudsman.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты