«Кыргызстан жаштар кыймылы” түзүлдү

  • 2 месяца мурун

8-июнда “Кыргызстан жаштар кыймылы” түзүлүп, биринчи курултайын өткөрдү.

Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки 200дөн ашык жаштар, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Маданият министринин жаштар саясаты боюнча орун басары Марат Тагаев катышты.

Министрликтин маалыматында жаштар кыймылын түзүүнү былтыр президент Садыр Жапаров кол койгон “Жаштар жөнүндө” жарлыгында көрсөтүлгөн.

“Кыймылдын максаты – жалпы максаттарга жетүү үчүн жаштарды бириктирүү, инсанды өнүктүрүү жана коомдук турмушка активдүү катышуу, жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө, кесиптик жактан өсүүгө жана өз потенциалын ишке ашырууга умтулуусун колдоо” деп белгиленет маалыматта.

Сүрөт: Маданият министри

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты