Кыргызстан жана Казакстандын жарандарынын өлкөдө болуусунун жаңы эрежелери иштеп жатат  

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, Казакстанда Кыргызстандын жарандары үчүн жүрүүнүн жаңыланган эрежелери иштей баштагандыгын маалымдайт.

Эрежелерге ылайык, Казакстан аймагында белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарына карата (ар бир 180 күндүк мезгилдин ичинде) кирүүгө чектөөлөр колдонулушу мүмкүн.

Ошол эле учурда ТИМ 2025-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстанга кирип жаткан Казакстан жарандарына жогоруда белгиленген эрежелер колдонула баштаганын билдирди.

Казакстанга кирүү жана келүү эрежелери тууралуу кененирээк маалымат төмөнкү шилтеме боюнча Кыргызстандын Казакстадагы элчилигинин расмий сайтында жайгаштырылган.  

Суроолор пайда болгон учурда төмөндөгү номерлер боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги: +7 776 124 8833, Алматы шаарындагы башкы консулдугу: +7 777 996 7710, КР ТИМ Консулдук департаменти: +996 999 312 002.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты