Кыргызстан жана Казакстанда вебкам-студия уюштургандар кармалды

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы менен бирге интернет (вебкам-студиялары) аркылуу сойкулук жана бузукулук иштерин уюштурган жана ага  көмөктөшкөн А.А.А., Б.Б.С., Э.А.Э. жана О.Э.К. аттуу КР жарандарын кармаганын билдирди.

Алар Бишкекте жана Казакстанда вебкам-студияларды уюштурган жана иштеткен.

“Уюшкан топтун мүчөлөрү жашыруун маалыматты сактоо жана мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып жашагандыгы аныкталган. Кармалгандардын бардык турак жай даректеринде шашылыш тинтүү иштери  жүргүзүлүп, веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык костюм жана  атрибуттар, сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган буюмдар алынган” деп айтылат маалыматта.

Аталган топ вебкам  кызматтарын көрсөткөн интернет-платформаларда, “Chaturbate” (CB), “Stripchat” (strip) жана “BongaCams” аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, ал жерден кылмыштуу кирешелер алардын “Binance» крипто капчыктарына которулгандыгы да белгиленди.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты