Кыргызстан жана Азия өнүктүрүү банкы бир катар келишимдерге кол койду
- 3 недели мурун
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда жашыл энергетика, суу ресурстары тармактарында жана башка маанилүү келишимдерге кол коюлду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтында маалымдалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгн, 20-ноябрда, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.
“Орточо алганда, акыркы үч жылда экономиканын өсүү темпи 9,0%ды түздү, үстүбүздөгү жылдын башынан бери жогорку экономикалык активдүүлүк сакталып, 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10,0%ды түздү. Учурда Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштүн жогорку темптерин сактоо маанилүү, анткени биз 2030-жылга карата ИДПны жан башына жана ИДПнын көлөмүн 80%дан кем эмес көбөйтүүнү пландап жатабыз” деди Адылбек Касымалиев
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда, коомдук имараттарды жашыл трансформациялоо программасын ишке ашыруу, энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү, суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун күчөтүү сыяктуу тармактарында кызматташуу үчүн бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.
Сүрөт: gov.kg




