Кыргызстан-Венгрия: Бир катар документтерге кол коюлду

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Виктор Орбан ошондой эле ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышат.  

Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты