Кыргызстан Венадагы энергетикалык форумда Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун сунуштайт

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вена шаарына барат жана эл аралык инвестициялык энергетика форумуна катышат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкө боюнча баяндама жасап, республиканын гидроэнергетикалык дараметине арналган пленардык жыйынга жана панелдик жыйындарга катышат.

Форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан уюштурулган.

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбор Азия, Европа, Жакынкы Чыгыштан делегациялар, жеке инвесторлор, ири инвестициялык банктардын жана компаниялардын өкүлдөрү, электр станциялары жана подряддык уюмдар ошондой эле гидроэлектростанциялар үчүн жабдууларды чыгаруучу алдыңкы компаниялар катышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Вена шаары. pixabay.com

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты