Кыргызстан Украинадагы жарандарын Венгрия аркылуу алып чыгат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу Будапешт — Стамбул — Бишкек маршруту менен алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ТИМдин расмий билдирүүсүндө айтылат.

Эвакуациялоо үчүн кыргызстандыктар Украинага мыйзамдуу жол менен келген болушу керек жана жанында тиешелүү документтери болушу шарт. Мындан сырткары алар Венгрия аркылуу Кыргызстанга чыгып кетүү үчүн авиабилеттерди алуусу зарыл.

Кыргызстандын жарандары украин-венгр чек арасындагы “Чоп” өткөрмө бекетине өздөрүнүн эсебинен чогуу алып келинет. Венгриянын аймагында аларды аэропортко чейин Кыргызстандын Будапешттеги элчилигинин өкүлдөрү коштоп барат.

Эвакуация боюнча +380997573413, +380442370347 номерлери аркылуу Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышуу керек.

Кыргызстандын ТИМи учурда Украинанын бүткүл аймагында каршылашкан тараптардын ортосунда атышуулар жүрүп жатканын белгилеп, ары-берүү каттоодо жеке коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүндүгүн эскертет. Ушуга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарын эгер жашаган жери коопсуз болсо Украинанын аймагында кырдаал турукташканга чейин ошол жерде кала берүүнү сунуштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылганы айтылган.

ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты