Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында Казакстанга кошумча суу берип турган

  • 2 года мурун

Кыргызстан сугат маалы учурунда Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу берип турган. Бул Казакстандын түштүк аймактарын суу аз кезде сугат суу менен камсыздоого жардам берди. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда 7-декабрда билдирди.

Ал эми Кыргызстандын министрлер кабинети бул тууралуу жолугушуунун пресс-релизинде билдирген эмес.  

КР Улуттук электрохолдинги Кыргызстан Казакстанга жайында суу берип, кышында аны электр энергия менен кайтарып алаарын “Азаттыкка” билдирди.

Айтымында, Казакстан менен  900 млн кВ/саат  электр энергиясын берүүгө келишим түзүлгөн, аны Кыргызстан 2023-жылга чейин кайтарып берет.        

Ал эми Кыргызстан быйыл Токтогул суу сактагычында суу жетишсиз болуп, энергетикалык кризиске туш болууда. 8-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10, 8 млрд кубометр болгон. Бул кийинки учурдагы суу сактагычтагы эң аз көрсөткүч болуп саналат.

Ал абалдан чыгыш үчүн Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан, Түркмөнстандан электр энергиясын алууда. Электр энергиясын пайдаланууга чектөө коюп жатат.  

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты