Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, Европа Биримдигине «соода дарбазасы» болууга даяр

  • 4 недели мурун

Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, ошондой эле ВСП+ системасы аркылуу Европа Биримдигине «соода дарбазасы болууга даяр.

Бул тууралуу 13-февралда Бишкекте өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө сөз кылып жатып, Министрлер кабинетинин башчысы эт-сүт азыктарын, тигүү-текстиль буюмдарын, көмүр, айнек буюмдарын, анын ичинде курулуш жана атайын айнектерди, ошондой эле кантты жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргыз тарап продукцияны илгерилетүүнүн, ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүүнүн жана туруктуу өткөрүү каналдарын түзүүнүн натыйжалуу механизми катары Кыргызстандын Тажикстандагы жана Тажикстандын Кыргызстандагы соода үйлөрүн ачуу маселесин кароону сунуштады. 

Адылбек Касымалиев транспорттук-логистикалык чөйрөдөгү кызматташтык маселелерине да токтолуп, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдө чек ара инфраструктурасын жакшыртууга жана контролдук-өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо максатка ылайыктуу экенин белгиледи. Кеп иштеп жаткан өткөрүү пункттарын модернизациялоо, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү, тиешелүү логистикалык жана жүк терминалдарын өнүктүрүү, ошондой эле бажы жана чек ара башкаруусуна заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жөнүндө болуп жатат.

«Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, ошондой эле ВСП+ системасы аркылуу Европа Биримдигине «соода дарбазасы» болууга даяр.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасы стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык долбоорду – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну ишке ашырууда, бул биздин өлкөнүн транзиттик потенциалын кыйла жогорулатат жана анын Евразия мейкиндигиндеги маанилүү логистикалык түйүн катары ролун бекемдейт. Бул транспорттук коридор Тажикстан Республикасы үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат»  деди ал. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты