Кыргызстан — Тажикстан: Товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганы белгиленди

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу 13-февралда  Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн өлкөгө жумушчу сапары менен келген Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушууда белгиледи. . 

Касымалиев өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүү 36 млн АКШ доллар түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнүн кошумчалады. Министрлер Кабинетинин Төрагасы эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.

“Чек ара маселелерин чечүү – бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя деди МинКаб башчысы” 

Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тажик тараптын эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан коюлган дымактуу милдеттерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерди талкуулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты