Кыргызстан-Таиланд: Дипломаттык паспорт ээлери үчүн визасыз режим 2026-жылы 2-январда күчүнө кирет
- 3 недели мурун
2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланддын өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу 2026-жылдын 2-январында күчүнө кирет.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын жана Таиланд падышалыгынын дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болууга визалык талаптардан бошотулат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




