Кыргызстан Түркиянын «Байрактарын» жана Орусиядан «Орлан-10» учкучсуз учагын сатып алууда

  • 2 года мурун

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» жана Орусиядан «Орлан-10» аталышындагы учкучсуз учактарды сатып алууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда журналисттерге билдирди.

«Биз бул техникаларды мамлекеттик бюджеттен сатып алып жатабыз. Жакында Түркиядан «Байрактар» алынып келинет, андай курал дүйнөдө беш эле мамлекетте болсо, анын бири биз болобуз. Орусиядан дагы «Орлан-10″ деген аталыштагы учкучсуз учак сатып алдык. Аны башкаруучу адистерибиз дагы ошол жактан окуп келишти. Мындан ары биз курал-жаракты өзүбүздүн акчабызга өзүбүз сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Президент тапшырма берди, биз аткарып жатабыз».

УКМК башчысы аскердик техника сатып алууга бюджеттен канча акча сарпталганын ачыктаган жок.

21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына жаңы аскердик техникалар тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Зооттолгон 40 даана транспорт Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сатылып алынган.

Президент Садыр Жапаров быйыл жайында Түркияга расмий иш сапары менен барган. Сапар алкагында түрк тарап Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниети бар экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты