Кыргызстан-Сербия:  Эки тараптуу кызматташуу жетиштүү деңгээлде өнүгө электиги белгиленди

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, өлкөгө расмий сапар менен келген Сербия Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.

Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачич Кыргызстанга анын  сапары тарыхый экенин белгиледи. Анткени ал Сербиянын акыркы 25 жылда расмий иш сапары менен келген биринчи тышкы иштер министри.

Сербиянын тышкы иштер министри белгилегендей, эки өлкөнүн көптөгөн маселелер боюнча позициялары окшош, бирок эки тараптуу кызматташуу дагы эле жетиштүү деңгээлде өнүгө элек. Бул контекстте мындай сапарлар  биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө түрткү болушу маанилүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты