Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 14-июндагы жыйынында биринчи окууда кабыл алды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун маалыматына ылайык, каражат “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасына сарпталат.

“100 миллион доллар насыянын жылдык үстөгү 1,5% болот. Анын 2% консультациялык кызматка кетет. Калганы курулушка багытталат. Насыя жылына эки жолу – 15-майда жана 15-ноябрда төлөнөт. Мөөнөтү — 25 жыл”.

Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыяга Бишкектеги №47 абактын бузулган жерине 5050 батир салынат. Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз курулуш сервис” мамлекеттик ишканасы батирлерди курууга негизги жалданма компания (подрядчик) болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты