Кара-Сууда документтерди жасалмалап, башкаларга насыя алдыртып, төлөбөй жүргөндөр кармалды
- 10 месяцев мурун
2025-жылдын июль айынын аягында Кара-Суу райондук ИИБге жергиликтүү 11 тургун арыз менен кайрылып, аларды алдагандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Х.Т. 2024-жылдын декабрь айынан баштап, 2025-жылдын июнь айына чейинки убакытта Кара-Суу шаарында жайгашкан сактык кассалардын биринин кредит бөлүмүнөн жабырлануучуларга 250 миң сомдон 500 миң сомго чейинки насыя акчаларын алдырып, алынган акча каражатынын көп өлчөмүн өзү алып, ал эми ай сайын төлөнүүчү акча каражатын төлөөнү убадалап, бирок төлөбөй койгон.
Аталган окуя Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган кылмыш иштерине шектүү катары Кара-Суу шаарынын тургуну Х.Т. жана сактык кассанын кредит бөлүмүнүн мурдагы адиси Б.Г. кармалган.
Шектүүлөр Х.Т. менен Б.Г. жалпы 4 миллион сомдон ашык насыя кредиттерин алышып, анын көбүн өздөрүнүн пайдасына коротушканы аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, айыпталуучуларга башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Бүгүнкү күндө, дагы башка фактыларын аныктоо максатында тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




