Кыргызстан Russian Traveler Awards басылмасынын туризм сыйлыгына ээ болду

  • 1 месяц мурун

8-декабрда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Russian Traveler Awards басылмасынын 2025-жылга карата туризм сыйлыгын тапшыруу аземине катышты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сыйлык негизги туристтик мүмкүнчүлүктөргө жана багыттарга арналган жана бир нече жылдардан бери Россиянын туризм индустриясындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири катары таанылып келет.

Кыргыз Республикасы кесипкөй эксперттик калыстар тобунун баалоосу боюнча эл аралык «Чет өлкөгө саякат» категориясында биринчи орунду ээледи.

Элчи Бөкөнтаев абройлуу сыйлыкты алып жатып, өзүнүн ыраазылык сөзүндө өлкө туристтик потенциалды өнүктүрүүгө жана туристтик кызматтарды жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. К

2025-жыл Russian Traveler Awards — сыйлыктарынын төртүнчү жылы. Россиянын 50 аймагынан, КМШдан жана башка өлкөлөрдөн 560тан ашык арыз берилген. Добуш берүүгө 22 категория боюнча бир миллиондон ашык колдонуучу катышкан. «Чет өлкөгө саякат» категориясында Кыргызстан менен катар Беларусь, Түштүк Корея, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Оман, Дубай жана башка өлкөлөр да камтылган.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты