Кыргызстан-Россия экономикалык форуму ачылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ачылыш аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, иш-чара Чолпон-Ата шаарында 6-7-августка белгиленген Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында өткөрүлүүдө.
Форумдун программасы президент Садыр Жапаровдун жана Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуучуларга жана конокторго жолдогон видеокайрылуулары менен ачылды.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле өнөр жайды, энергетика тармагын, транспорт жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү багытында ырааттуу иш алып барууда. Кыргыз тарап россиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө ачык жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы талкуулар мазмундуу жана практикалык багытта болоруна, ошондой эле алардын жыйынтыктары кыргыз-орус экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоого жана соода, инвестициялык, ошондой эле технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
Сүрөт: gov.kg




