Кыргызстан-Оман: Дипломаттык, кызматтык паспорт ээлерин виза талаптарынан бошотуу макулдашуусуна кол коюлду
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинети менен Оман өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Бул 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Омандын тышкы иштер министри Бадр бин Хамад бин Хамуд Аль-Бусаиди жолугушуусунун неигзги жыйынтыгы болду.
Макулдашуу дипломатиялык жана расмий байланыштарды жеңилдетүү, саясий диалогду бекемдөө жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы




