Кыргызстан өнөктөштөр менен бирге тоолуу аймактарды колдоо долбоорун ишке киргизүүдө
- 2 месяца мурун
Президенттин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев жана Тоо өнөктөштүгүнүн Римдеги катчылыгынын программалык координатору Жоржио Груссо менен жолукту.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, анда Кыргызстанда «Тоо өнөктөштүгүнүн алкагында тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоо» аттуу жаңы долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын программалык координатору Жоржио Груссо быйылкы жылдын башында Италия өкмөтү Кыргызстанга тоолуу аймактардагы чакан өндүрүүчүлөрдү жана кол өнөрчүлүк кооперативдерди колдоо үчүн грант бөлүү чечимин кабыл алганын белгиледи.
Долбоордун алкагында айыл чарба кооперативдерине, фермерлерге жана кол өнөрчүлөргө грант жана техникалык жардам көрсөтө турган бизнес-инкубатор жана акселератор түзүү, ошондой эле белгилүү дизайнерлер менен кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн кызматташуусун камсыз кылуу каралган.
Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова долбоордун катышуучуларын тандоодо ачык-айкындыкты жана калыстыкты камсыз кылуу, ошондой эле колдоого муктаж тоолуу, алыскы аймактарды, айрыкча аялдар жана жергиликтүү жамааттар жашаган аймактарды артыкчылыктуу тартипте камтуу зарылдыгын белгиледи.
Уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев бул долбоор туруктуу ишкердикти өнүктүрүү жана тоолуу жамааттарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча кийинки программалар үчүн негиз болоорун белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын бул сыяктуу демилгелерге катышуусун мындан ары да кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилешип, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык финансылык институттардын жана фонддордун инвестицияларын тартуу жолдорун талкуулашты.

Баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: president.kg




