Кыргызстан-Монголия: Бир катар документтерге кол коюлду
- 12 месяцев мурун
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 21-июлда, кыргыз-монгол биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим.
2. Эки өлкөнүн Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу.
3. Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы.
4. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.
5. Маданият тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.
6. Эки өлкөнүн санариптик өнүктүрүү, инновациялар министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
7. Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Монголиянын Коопсуздук жаатында изилдөөлөр улуттук институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
8. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монгол мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
9. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын администрациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
10. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Монголиянын “Монцамэ” улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
11. Улуттук илимдер академиясы менен Монголиянын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынынаАрхеология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
13. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телекөрсөтүүсүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Сүрөт: president.kg




