Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Илимдер академиясынын сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-октябрда, саат 05:03:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Бор-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышта, Сары-Могол айылынан 38 чакырым түштүк-батышта, Талды-Суу айылынан 40 чакырым түштүк-батышта, Ачык-Суу айлынан 45 чакырым түштүк- батышта болду.  

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 балл, Сары-Могол, Талды-Суу, Ачык-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты